Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Гүлзат Исаматова Испаниядан келген делегация жана FUNIBER университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу тиешелүү ведомство билдирди.
Жолугушууга Иберо-Америка университетинин фондунун (FUNIBER) өкүлдөрү, ошондой эле Бремен жана Миссури университеттеринин профессорлору катышты.
Министрдин белгилөөсүнчө, чет элдик окуу жайлар менен кызматташуу кыргызстандык студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты. Анын алкагында Кыргызстанда чет элдик университеттин филиалын ачуу жана FUNIBER менен өнөктөш болгон окуу жайлар менен кош дипломдорду берүү программаларын баштоо мүмкүнчүлүгү каралат.
Министрлик өз компетенциясынын чегинде долбоорду андан ары иштеп чыгууга, анын ичинде лицензиялоо жана укуктук тартипке келтирүү маселелери боюнча көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
























