H2O Racing уюмунун президенти жана UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын башчысы Николо ди Сан Жермано Иссык-Кулдун Бает айылында өткөн маалымат жыйында сууну жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери чемпионаттын негизги багыттары экенин айтты.
Ал белгилегендей, акыркы жылдардан бери чемпионат углероддук нейтралдуулук боюнча өз программасын ишке ашырат. Бул кадам алгач салык талап кылынбай турган кезде башталган жана азыр бардык мелдештерде колдонулат.
«Биз бул аракетти туура чечим деп эсептейбиз жана бардыгы муну колдошу керек. Ушул максатта чемпионаттын дээрлик бардык этаптарында углероддук нейтралдуулук сакталат», — деди ал.
Ди Сан Жермано суунун жана абанын жашоонун негизи экенин белгилеп, аларды сактоо бардык катышуучулардын жана коомчулуктун эң чоң милдети экенин бас айтты.
«Биз суу менен табиятты сүйөбүз жана бул сырткы чөйрөгө зыян келтирбеш үчүн акыркы аракетибизди жумшайбыз. Ар бир адам суунун маанилүүлүгүн түшүнүп, аны сарамжалдуу пайдаланууга жооптуу болушу керек», — деп айтты уюштуруучу.
Ошондой эле чемпионат Африканы колдогон гуманитардык иштерди жүргүзүп жатат.



