2027-жылдын август айынын башында Ысык-Көлдө кайрадан «Формула-1 на воде» мелдешин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу H2O Racing компаниясы менен Кыргызстандын суу-мотор спорт федерациясы макулдашууга кол коюшкан.

Макулдашуу биринчи Гран-при күнүндө түзүлгөн жана бул келечекте өлкөдө F1H2O мелдешинин өнүгүүсүнө болгон ишенимдин көрсөтмөсү болуп саналат деп айтылат.

"Бул келишимге биринчи Гран-приден мурун кол коюу Кыргызстандагы F1H2O келечегине болгон ишенимибиздин далили","Реймондо Ди Сан Джермано, H2O Racing компаниясынын башкы директору"
Реймондо Ди Сан Джермано, H2O Racing компаниясынын башкы директору

Мамлекеттик туризм өнүктүрүү агенттигинин башчысы Эдуард Кубатов мелдешти жыл сайын өткөрүү пландары бар экенин билдирди.

Ал кезде экологиялык көзөмөл жүргүзүлүп, суудагы зыяндуу заттардын деңгээли нормативдерден ашпаганы тастыкталган.

"Химиялык анализдердин жыйынтыгы боюнча суунун сапаты начарлаган же булгануунун нормативдеринен ашып кеткен учур табылган жок","Жаратылыш ресурстар министрлиги"
Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы