Улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого академиктер, илимий институттардын жетекчилери жана өлкөнүн илимий коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Катышуучулардын алдында сүйлөп жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов заманбап шарттарда мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү калктын билим деңгээлинен, технологияларынан жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи.
Мамлекет илимден өлкөнү өнүктүрүү багыттарынын илимий негиздемесин, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын ала аныктоону жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгууну күтөт.
Вице-премьердин айтымында, илимий ишмердүүлүк технологиялык жаңылануунун жана улуттук коопсуздукту чыңдоонун стратегиялык пайдубалы болушу керек. Ошону менен бирге, бир катар өтө маанилүү багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
- мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо
- Ысык-Көл көлү чөйрөсүн коргоо
- энергетика жана өнөр жай
- айыл чарбасы жана саламаттыкты сактоо
- санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана биотехнологиялар

















