Кыргызстанда учурда 35 компания Умрага паломчулук саякаттарды уюштуруу менен алектенүүгө укуктуу. Бул тууралуу Диний иштер жана этностук мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов пресс-конференцияда билдирди.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын руханий башкармалыгынын аккредитацияланган уюмдарынын реестринде 36 ишкана катталган. Бирок саякаттарды уюштуруу процессинде кетирилген мыйзам бузуулардан улам бир компаниянын ишмердүүлүк жүргүзүү укугу жокко чыгарылды.

35аккредитациядан өткөн компания
36мурда болгон

Ведомствонын өкүлүндүн айтымында, хадж жана умра процесстерин жөнгө салуу, анын ичинде саякаттарды өткөрүү тартиби жана келишимдердин шарттары атайын бекитилген эрежелердин негизинде жүзөгө ашырылат. Бул тартип Диний иштер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилген.

Агенттик профилдик компанияларга паломчулук турларын уюштурууда мыйзамдарды так сактоо зарылчылыгы жөнүндө мурда бир нече жолу эскертүүлөр жөнөтүлгөнүн да баса белгиледи.