«Ынтымак Ордо» жайгашкан жерде Улуттук үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйында Кыргызстандын балдардын укугун коргоо боюнча өкүлү Асель Чынбаева жана мамлекеттик органдардын, тажрыйбалуу эксперттердин, эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Талкууга чет өлкөнөн келген репатриант балдардын укуктарын коргоо, балдарды моралдык тарбиялоо жана өлкөдө аял лидерлигин өнүктүрүү программалары туурасында маселер коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө социалдык контрактты ишке ашырууну жакшыртуу багытында сунуштар айтылып, социалдык контракттын методологиясын өркүндөтүүгө, жарандардын психологиялык саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга басым жасалды.

Ар бир мекеме өзүнүн аткарган иштери боюнча маалымат берди. Ошондой эле сунуштар айтылды. Социалдык контрактты ишке ашырууда методологияны жакшыртууга, психологиялык саламаттыкка жана бардык жарандарга тең мамиле кылууга басым жасалды.
Асель Чынбаева, балдардын укугу боюнча өкүл