Кыргызстан менен Азербайжан президент Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Азербайжано-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 миллион доллардан 200 миллион долларга чейин көтөрүү боюнча экинчи кошумча келишимге кол коюшту.

Бул өзгөрүү инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө, ишкердикти колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду финансылоону кеңейтүүгө шарт түзөт жана Азербайжан тараптан Кыргызстан экономикасына инвестиция тартууну жогорулатат.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2024–2029-жылдарга пландалган кызматташтыктын Программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.

Бул документ эки мамлекеттин негизги кызматташтык багыттарын аныктап, макулдашуулардын аткарылышын системалуу көзөмөлдөөнүн механизмин түзөт, бул биргелешкен демилгелердин эффективдүүлүгүн жогорултат.