15-ноябрда Ысык-Көл облусунун курулуш объекттери боюнча рейд өттү. Текшерүүнүн максаты — учурдагы иштердин бекитилген долбоордук документтерге шайкештигин, курулуш ченемдерин, эрежелерин жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын аныктоо, ошондой эле жаңы тармактык стандарттардын аткарылышын контролдоо болду.
Курулуш, архитектура жана ТЖК министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, текшерүүнү министрликтеги Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин директору Марат Акназаров жүргүзгөн.
Текшерүү объекттери
Инспекция учурунда бир катар ири долбоорлор, анын ичинде көп кабаттуу имараттардын, мейманканалардын жана эс алуу зоналарынын курулушу камтылды. Текшерилген объекттердин негизги бөлүгү «Турпан Строй» жана «СК Авангард Групп» компанияларына таандык.
- Кара-Ой айылы: «Турпан Парк», «Турпан Резорт», «Турпан Резорт-2» жана «Форте Вилладж» эс алуу борборлорунун апартаменттери, коттедждери, кафелери жана административдик комплекси («Турпан Строй» ЖЧКсы);
- Сары-Ой айылы: «Терма» мейманканасы («СК Авангард Групп» ЖЧКсы);
- «Фонтан Плюс» эс алуу зонасы: конок үйлөрү жана коттедждер («Турпан Строй» ЖЧКсы);
- «Алтын-Кум-Плюс» эс алуу борборунун курулушу («Турпан Строй» ЖЧКсы);
- Тамчы айылы: 10 төрт кабаттуу корпус («Елизавета» ЖЧКсы);



















