Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Тон токой чарбасынын ишмердүүлүгүн жана анын питомнигинин абалын карап чыкты.
Ведомствонын билдирүүсүнө ылайык, министр питомникте өстүрүлүп жаткан көчөттөрдү карап чыгып, өстүрүлүүчү токой тукумдарынын түрлөрүн көбөйтүү зарылчылыгын белгилеген. Ошондой эле ал отууштуруучу материалдардын сапатын жогорулатуу жана аларды өстүрүү технологияларын өркүндөтүү керектигин айтты.
Мындан тышкары, Акыл Токтобаев токой чарбасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, өзүнүн кирешелерин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелерине көңүл бурду.
Министр тиешелүү жетекчилерге жакынкы жазгы мезгилге даярдык көрүү, көчөттөрдү өз убагында өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.














