Ысык-Көл жээгинде беш жылдыздуу «Баку» мейманканасы ачылды
Ысык-Көлдүн жээгинде жаңы жана заманбап беш жылдыздуу мейманкана — «Баку» расмий түрдө эшигин ачты. Мейманкананын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан Республикасынын башчылары катышты.



































