Ысык-Көл көлүнүн акваториясында рейддин алкагында 1,5 миң метр эски синтетикалык тор аныкталып, алынган. Торлор, белгилүү болгондой, кытайдан келген.

КР ӨКМ берген маалыматка ылайык, акваторияны тазалоо боюнча бул акциянын жүрүшүндө 20 кг таштанды жыйналган. Ысык-Көл көлүн тазалоо иштери улантылып жаткандыгы белгиленет.