КР ӨКМнин суучулдар кызматы Кыргызстандын ири суу объектилерин тазалоо боюнча иштерди жүргүзүп, эски балык кармоочу торлорду жана таштандыларды алып чыкты. ӨКМнин маалыматы боюнча, бул иш-чаралардын алкагында тогуз айдын ичинде 155 миң метрден ашык тор алынып чыгарылды.
Алынган торлордун жана таштандылардын көлөмү
- Ысык-Көл көлүнөн 87 650 метр балык кармоочу тор жана 23 895 кг таштанды алынып чыгарылды
- Соң-Көл көлүндө 25 250 метр балык кармоочу тор табылып, алынган
- Токтогул суу сактагычынан 43 300 метр балык кармоочу тор жана 186 кг таштанды алынган
Жүргүзүлгөн иштер суу экосистемаларын сактоого жана айлана-чөйрөнү жалпы коргоого өбөлгө түзүүгө багытталган. ӨКМ өлкөнүн көлдөрүн жана суу сактагычтарын таза кармоо жана суу ресурстарын коргоо боюнча иштер улантыларын билдирди.









