Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы «Кабар» агенттигине билдиргендей, ведомствонун сууда жүрүүчү адистери Иссык-Көлдүн экологиясын сактоо максатында тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иш-чаралар көлдүн түбүндөгү мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык торлорун жана башка таштандыларды чыгарып алууну камтыйт.

2026-жылдын башынан бери (8-январдан бүгүнкүгө чейин)

156 600метр балык торлору
25 061кг таштанды

ӨКМдин маалыматы боюнча, адистердин эмгеги көлдүн табигый байлыгын жана тазалыгын сактап калуу үчүн өтө маанилүү. Сууда жүрүүчү адистердин иши жогорку кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты жана коопсуздук эрежелерин так сактоону талап кылат.

Мурунку жылдардагы көрсөткүчтөр менен салыштыруу

Торлордун жана таштандылардын көлөмү

218 100 метр/кг
2023-жыл
112 100 метр/кг
2024-жыл
159 100 метр/кг
2025-жыл
156 600 метр/кг
2026-жыл

ӨКМ

Торлордун жана таштандылардын көлөмү
2023-жыл218 100 метр/кг
2024-жыл112 100 метр/кг
2025-жыл159 100 метр/кг
2026-жыл156 600 метр/кг

Торлордун узундугу боюнча динамиканы карасак, 2023-жылы 218 100 метр тор чыгарылган болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 112 100 метрди түздү. Ал эми таштандылардын салмагы боюнча 2025-жылы 6 935 кг чыгарылган болсо, 2026-жылдын башынан бери бул көрсөткүч 25 061 кгга жетти.