Кыргыз Республикасынын юстиция министри Аяз Баетов жерди ижарага берүү жаатында жаңы тартиптер жана шарттар киргизилип жатканын жарыялады. Аталган тартип 1992-жылы аныкталган 49 жылдык узак мөөнөттүү ижаранын практикасында бир катар көйгөйлөр бар экенин белгиледи.
Министрдин айтымында, көптөгөн ижарачылар, анын ичинде чет өлкөлүктөр жана жарандар, ошол участкаларды иштетпестен кармап тура беришкен. Бул маселени чечүү үчүн президент Садыр Жапаров жер участкаларын акырындап 10 жылга, анан инвестиция киргизилип, курулуш иштери жүрүп жаткан учурда 25 жылга, ал эми милдеттенмелер толук аткарылгандан кийин 49 жылга чейин берүү боюнча талап койгон.
Аяз Баетов бул сунуштар азыркы учурда каралып жатканын, жер ресурстары кыскаргандыктан, жаңы участкалар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана жана аталган шарттар боюнча берилерин тактады. Ошондой эле мурда берилген ижара келишимдери кайра каралат.
Кытай жарандарынын миграциясы өлкө көзөмөлүндө
Министр миграция боюнча дагы маалымат берип, чек ара кызматынан алынган маалыматтарга караганда, Кытай жарандары Кыргызстанга келгендер жана кеткендер саны боюнча бешинчи орунда экенин айтты. Алардын бардыгы виза аркылуу кирип, мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзам чегинде өлкөдөн чыгышат.
"Бул процесстер толугу менен мамлекеттик көзөмөлдө," - деп баса белгиледи Баетов. Көпчүлүк Кытайдан келгендер чоң инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда катышууда.





