2026-жылдын 25-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуу салттуу достук маанайда өтүп, кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери каралды. Ошондой эле тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.










