Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, шаардагы парктарды, скверлерди жана бульварларды азайтууга тыюу салынат. Шаарлардын түзүмүн өзгөртүүдө же курулушту тыгыздоо учурунда жашыл аймактардын аянты кичирейбеши керек. Мындан тышкары, дарактарды кыюу үчүн экологиялык экспертизанын корутундусу жана компенсациялык жашылдандыруу шарттары аткарылышы зарыл.

Депутаттар жарандардын жашыл зоналарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жаңы нормативди сунушташууда. Аталган чектөө боюнча, ар бир адамдын үстүнө жалпы пайдаланууга берилген кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак түшүшү керек.

Электрондук реестр жана инвентаризация

Дарактарды көзөмөлдөө үчүн ачык электрондук база түзүлөт. Ар бир өсүмдүккө өзгөчө идентификациялык номер берилип, анын координатдары жана абалы базада көрсөтүлөт. Жергиликтүү бийлик органдары эки жылда бир жолу инвентаризация жүргүзүп турушу шарт.

Эгерде курулуш аймагында балага отургузууга мүмкүн болбосо, жергиликтүү бийлик балага отургузууга боло турган жерлерди көрсөтүп берет. Курулуш компаниялары аларды үч жыл бою кароо милметтүүлүгүнө ээ болот.
Дастан Бекешев, депутат

Негизги көрсөткүчтөр

5кесилген дарак үчүн отургузула турган балаганын саны
3жыл бою кароо мөөнөтү
14адамга тиешелүү чарчы метр жашыл аймак
70жактырган депутаттардын саны