Бишкек шаарында өткөн «Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө чейин» форумунда Кулуйпа Жузумалиева өзүнүн эмгек жолусу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Жети-Өгүз районундагы бул ишкана жергиликтүү калктан сүт сатып алып, аны кайра иштетүү аркылуу даяр продукцияларды рынокко чыгарат.

Ишкананын ишмердүүлүгү сүт, май, сыр жана творог сыяктуу азыктарды чыгарууга багытталган. Өндүрүш процессинде сапаттын жана коопсуздуктун талаптарына өзгөчө көңүл бурулат. Бул продукциялар Кумтордогу кызматкерлерди жана көл жээгиндеги курорттордо эс алуучуларды да камсыз кылууда.

120кызматында иштеген адам
70%аялдардын үлүшү
Заводдун ишинде келерки жылы 60 жылдык юбилейди белгилейбиз. Ишкана жергиликтүү тургундардан сүт сатып алат. Биздин продукциялар Россияга жана Алматыга да жөнөтүлөт. Ишканада 120 адам иштейт, алардын 70 пайызы — аялдар.
Кулуйпа Жузумалиева

Кулуйпа Жузумалиева көп жылдык эмгеги менен бирге чоң үй-бүлөнү да түзө алган. Ал төрт баланын энеси, неберелери жана улуу неберелери бар.