Жогорку Кенештин 11-ноябрьдагы жыйынында Ала-Арчада каза болгон Амир Кунакуновду куткаруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө маселе көтөрүлдү. Депутат Улукбек Карыбек уулу ведомстводон коомчулукка куткаруучулардын аракеттери тууралуу деталдуу маалымат берүүнү өтүндү.
Парламентарий ӨКМнин ишинин натыйжалуулугуна күмөн саноо менен, жооп кайтаруудагы кечигүүлөрдү жана техникалык кыйынчылыктарды белгиледи. Тактап айтканда, ал кошумча экипаждарды күтпөстөн вертулкалардын ыкчам учушунун зарылчылыгы жана байланыш боюнча көйгөйлөр жөнүндө маселени көтөрдү.
"Саат 19:00дө билдирүү келгенден кийин ар бир мүнөттө кандай чечимдер кабыл алынганын расмий түрдө маалымдашыш керек. Ошондой эле ӨКМнин техникалык регламентин кайра карап чыгуу зарыл: бала коопсуз эмес абалда болгондо, вертулканы же кошумча экипаждарды бир-эки күн күтпөстөн, дароо баары чыгышы керек. Алардын рациясынын жоктугу эмнени билдирет, эмне үчүн куткаруучулар менен байланыша алышпады? Бул кайдыгерликти билдирет. Жооптуу адамдар жоопкерчиликти тартышы керек!"
Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов окуяны изилдөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Парламент спикери Марлен Маматалиев бул маселе иштелип жатканын билдирди.
Спикердин айтымында, курамына Башкы жана Воен прокуратуралардын өкүлдөрү кирген комиссия учурда иштеп жатат. Анын ишинин жыйынтыгы боюнча натыйжалар тиешелүү комитеттин же бүтүндөй парламенттин кароосуна сунушталат.












