Жогорку Кенештин 11-ноябрындагы жыйынында депутат Исманали Жороев вейптардын жүгүртүүсүнө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы жөнүндө маселени көтөрдү. Анын айтымында, мыйзамдык чектөөлөргө карабастан, электрондук сигареттер коомдук жайларда жана жаш өспүрүмдөр арасында жеткиликтүү бойдон калууда.

Тыюу салууга карабастан, электрондук сигареттер эркин сатылып жана жайылып жатат. Эмне үчүн жаш өспүрүмдөр аларды сатып ала алышат? Бишкек гана эмес, парктарда, аймактарда карасаң — кыздар ичип жатат. Эгерде кадимки табигый тамекиникотин менен кооптуу болсо, бул жерде — химиялык заттар
Исманали Жороев, Жогорку Кенештин депутаты

Парламентарий мектептердеги жана шаарлардын, аймактардын көчөлөрүндөгү учурдагы кырдаал тиешелүү ведомстволор тарабынан көзөмөл жетишсиз экенин көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

  • 2025-жылдын 1-июлу — Кыргызстанда суюктук менен электрондук сигареттерди ташымалдоого жана сатууга тыюу салуунун күчүнө кирүүсү