Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков менен Табылды Муратбеков Ысык-Көлдүн аймагында суу үстүндөгү үйлөрдү курууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташты. Бул демилге коомдук талкууга коюлган.
Инициаторлордун айтымында, заманбап туризм тармагы өзүнүн кызматтарын гана эмес, ар тараптуу туристтик, эс алуу, спорт жана сервис инфраструктурасын түзүүнү талап кылат. Мындан улам, аймактын экономикалык өнүгүүсүн чыңдоо жана туристтин агымын көбөйтүү максатында жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү зарыл.
Мыйзам долбооруна ылайык, курорттук, рекреациялык жана суу инфраструктурасын камсыздоочу обьектилерди, мисалы пирс, эллинг, причалдар, суу үстүндөгү платформалар, коомдук тамактануу жайлары жана санитардык объектилерди курууга уруксат берүү каралган.
Ошондой эле, мыйзам долбоору 100 метрлик каптал тилкеде айрым учурларда пансионаттар, санаторийлер жана мейманканаларды Кабинеттин уруксаты менен куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Коомдук жуунучу жайлар да өзгөчө талаптар менен жайгаштырылат.
Бул демилгелер Ысык-Көлдү эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багыт катары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп эсептөөдө. Мындан тышкары, экологиялык кырдаалга жана аймактын экосистемасына зыян келтирбөө талабы биринчи орунга коюлду.
Демилгени жактагандар курулуш жана эксплуатациядагы жаңы түрлөрдүн региондогу туризмди кеңейтүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга салым кошоорун белгилешүүдө.














