Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, комитет индустриалдык парктерди түзүү жана өнүктүрүү багытында мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматты талкуулады.
Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Искендер Асылкулов депутаттарга маалымат берди. Ал 2024-жылдын 23-июлунда кабыл алынган мыйзам индустриалдык парктерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана өндүрүштүк инфраструктураны түзүү үчүн укуктук шарттарды камсыз кылууга багытталганын белгиледи.
Талкуу учурунда депутаттар өндүрүштү калыбына келтирүү жана ички рынокту камсыздоо маселелерин көтөрүштү.
- Депутат Улугбек Ормонов «Майлуу-Сууйский ламповый заводу» ААКнын ишин кайра жандандыруу жана продукцияны сатуу боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө суроо берди.
- Депутат Эркинбек Искеналиев курулуш тармагынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ички рынокту гипсокартон менен камсыздоо маселесин көтөрдү.




















