Баткенде муниципиалдык кызматтардын техникалык базасын жаңыртуу боюнча иштер жүрүүдө. Муниципалдык автобазага жаңы атайын техника тапшырылды.

Бул иш-чарага Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана башка жетекчилер катышты.

Жаңы алынган техникаларга эки экскаватор, фронталык жүктөгүч, Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы жана «Желмаян» атайын техникасы кирет.

Бул техникалар шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалык иштерин жүргүзүү, жолдорду оңдоо жана башка муниципиалдык милдеттер үчүн колдонулат.

Техника Баткен облусунун Өнүктүрүү фонду аркылуу Мамлекеттик лизинг компаниясынын эсебинен сатып алынды.