Материалдар: 3
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурлан Жумалиев Баткен облусундагы калктуу конуштарды селден коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды текшерди. Бул текшерүү жакында болгон сел агымдарынан кийинки кырдаалды баалоо максатында уюштурулган. Визиттин жыйынтыгында тиешелүү ведомстволорго сел өткөрүүчү каналдарды кеңейтүү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана негизги объектилерди коргоо үчүн документтерди даярдоо тапшырылды.
Баткен облусунда 23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрүп, Баткен шаарына, Баткен жана Кадамжай райондоруна зыян келтирди. Сел суулары автомобиль жолдоруна, турак жайларга, короо аянттарына жана административдик имараттарга олуттуу зыян келтирген. Мындан улам, граждандык коргонуу кызматтарынын ыкчам жыйыны өткөрүлүп, балдар лагеринен балдар коопсуз жайга көчүрүлдү.
Баткен облусунун Кара-Булак айылында сел жүргөндүктөн, "Алтын-Бешик" балдар эс алуу жайындагы балдар жана аларды коштоп жүргөн чоңдор коопсуз жайга көчүрүлдү. ӨКМ башкармалыгы билдиргендей, окуя 23-июлда болгон.