Материалдар: 1
Ош шаарында кылмыш издөө кызматкерлери эл аралык издөөгө алынган эки өзбек жаранын кармашты. Бирөө жарандарга жана укук коргоо кызматкерлерине карата зомбулук менен шектелсе, экинчиси киши өлтүрүү боюнча издөөгө алынган. Учурда аларды Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.