Ош шаарындагы кылмыш издөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 1988-жылы туулган өзбек жараны 6-августта Масалиев көчөсүндөгү батирлердин биринен кармалды. Ал өзүн Андижан облусундагы тургун деп тааныштырылып, мурда бир нече ирет соттолгону белгиленди.

Кармалган бул жаран 2025-жылдын 31-декабрынан бери эл аралык издөөдө болуп, Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан жарандарга жана укук коргоо кызматкерлерине карата зомбулук кылган деп шектелип жаткан.

Анын кошунан 1985-жылы туулган дагы бир өзбек жараны 7-августта Авиценна көчөсүндө кармалды. Ал да Андижан аймагынан жана Ташкентте киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн.

Эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы учурда алардын Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилүүсү боюнча маселелер каралууда.