Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө аялдарды окутууга, рыноктогу суроо-талапты изилдөөгө жана продукцияны кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердиги күнүнө арналган иш-чарада Инициативдүү ишкер аялдар фондунун директору Авазкан Ормонова айтты.
Мыйзамдарга «аялдардын ишкердиги» түшүнүгү киргизилгенден кийин, бул тармакты колдоо үчүн кеңири шарттар түзүлүп баштаган. Фонд жаңы иш баштагысы келген аялдарга рынокто кайсы товарлар же кызматтар сунушталып жатканын аныктоого жана алардын актуалдуулугун түшүндүрүүгө жардам берет.
Эгерде бизнеске өзүнүн көндүмдөрүнө гана таянып баштаса, кардарлардын саны жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз аялдарга изилдөөлөрдү, окутууларды жана өз потенциалын жогорулатууну камтыган толук кандуу бизнес-чынжырды түзүүгө көмөктөшөбүз.
Ишкердик чөйрөсүндө атаандаштык өтө жогору болгондуктан, рынокдон тез чыгып кетүү коркунучу бар. Учурда фонд негизинен Баткен жана Ош облустарынын ишкер аялдары менен иштеп, ошондой эле Андижан, Наманган жана Фергана өрөөнү менен кызматташууда.
Мындан тышкары, аялдардын бизнесин андан ары өнүктүрүү үчүн инвестиция жана грант түрүндө финансылык жардам көрсөтүлүүдө. Аялдардын ишкердиги өсүп жаткандыктан, мамлекет тарабынан да жакшы колдоо көрсөтүлүүдө, бул жумуш орундарын түзүүгө жана бюджетке киреше алып келүүгө шарт түзөт.















