Материалдар: 2
Нарын облусунда жергиликтүү бийлик менен «Катар» кайрымдуулук уюму социалдык жана кайрымдуулук багытындагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул келишим аймактагы социалдык жардамга муктаж катмарларды колдоого жана жалпы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган.
Нарын шаарында Облустук телерадиокомпания УТРКнын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Өкмөттүн Стабилизациялык фондунан алынган 93 миллион 547 миң сомдук каражат менен курулуп жаткан имарат заманбап шарттарды түзүп, журналисттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.