Материалдар: 2
H2O Racing компаниясы менен Кыргызстандын суу-мотор спорт федерациясы 2027-жылы Ысык-Көлдө Формула-1 суудагы жарышын өткөрүү тууралуу макулдашты. Бул жарыш Кыргызстандын туристтик потенциалына олуттуу салым кошуу максатында уюштурулат.
H2O Racing уюмунун президенти Николо ди Сан Жермано Иссык-Кулдагы маалымат жыйында сууну жана экологияны коргоо – чемпионаттын негизги багыттары экенин билдирди. Ал чемпионаттын углероддук нейтралдуулук боюнча программасын ишке ашырып жатканын, ошондой эле Африкада гуманитардык демилгелерди колдоо менен алектенүүдө экенин белгиледи.