Материалдар: 17
Чүй облусунда суроктордун ден соолугу текшерилип, инфекциялык оорулардын жоктугу иликтенди. Министрликтин комиссиясы коомчулукта тарап жаткан чума тууралуу маалыматтарды четке какты жана кооптонууга негиз жок экенин билдирди.
Табиятты коргоо министрлиги Бишкекте дарактардын мыйзамсыз кесилиши боюнча факт аныкталганын маалымдады. Ж. Пудовкин көчөсүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалдык ишкана "БЗХ"га административдик айып салынды.
Баткен облусунда Кадамжай районунда ферула (чайыр) өсүмдүктөрүн мыйзамсыз терүү боюнча эки киши аныкталып, ар бирине 11 000 сомдон административдик айып пул салынды. Министрликтин кызматкерлери белгилегендей, мындай аракеттер мыйзамга каршы келет жана аларга катуу чара көрүлөт.
Москов районунун Петровка айылында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын ванна жайдын аймагында уруксатсыз өрттөө фактысы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Инспекторлор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, объекттин ээси 10 000 сом административдик айып пулга жыгылды. Ошондой эле, калдык чыгаруу эрежелери боюнча эскертүү берилди.
Балыкчы шаарында жайгашкан «Оазис» кафеси таштанды сууга тиешелүү талаптарды бузганы аныкталып, айып салынды. Бул тууралуу 18-июлда тараган видеоматериалдын негизинде жүргүзүлгөн экология жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсү көрсөткөн.