Жергиликтүү тургундардан келген маалыматтын негизинде, Аламедин районундагы Арашан айылынын жогору жагында жаракат алган жаныбар табылган. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламедин району боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери дароо ошол жерге барып, текшерүү жүргүздүшкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында кийик козунун бутунун сынып калганы аныкталган. Жаныбарга тиешелүү жардам көрсөтүү жана дарылоо максатында, ал жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, ветеринардык дарыгерлердин көзөмөлүне берилген.










