Материалдар: 2
Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Кытай Эл Республикасынын радио жана телекөрсөтүү башкармалыгы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, маданий жана медиа тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты. Тараптар биргелешкен документалдык фильмдерди жана сериалдарды жаратуу пландарын талкуулап, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү келечектерди аныкташты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Бишкекте өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК форумунда медиа коомчулуктун биримдигинин зарылдыгын баса белгиледи. Ал глобалдык деңгээлдеги дезинформациянын таралышына каршы туруу үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолду.