🌍 Кыргызстан эл аралык аренада климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө активдүү катышууда.
🌱 Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев 2024-жылдын 9-12-октябрында Баку шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-алдын ала конференциясында өлкөнүн позициясын билдирди.
🤝 Иш-чаранын негизги максаты – 2024-жылдын ноябрына пландаштырылган Тараптардын 29-конференциясына даярдык көрүү, анда катышуучулар климатты каржылоо, адаптациялоо жана климаттын өзгөрүүсүнөн келтирилген зыянды азайтуу боюнча маанилүү темаларды талкуулашат.
🗣️ Кыргызстандын делегациясы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү өлкө үчүн олуттуу коркунуч туудурарын, өзгөчө Борбордук Азиядагы миллиондогон адамдарды суу менен камсыз кылган мөңгүлөрдүн эришине басым жасады.
📄 Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри менен жолугушуп, анда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу ниети жөнүндө протоколго кол коюлду.
🤗 Азербайжан Кыргызстандын катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, экология тармагында мындан аркы кызматташууга даяр экенин ырастады.