🏭 Кыргызстандын Ноокат районунда органикалык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу башталды.
🚚 Кыргызстандын президенти менен Кытай Эл Республикасынын төрагасынын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында жакында Кытайдан 15 миллион долларлык жабдыктар алынып келинди.
📅 Курулуштун биринчи этабын бүтүрүү 2025-жылга пландаштырылган, бул заводдун ишин баштоого мүмкүндүк берет.
💰 Долбоордун жалпы баасы 260 миллион долларды түзөт жана курулуштун төрт фазасын камтыйт.
🌱 Заводдун 1-фазасында жылына 100 миң тонна органикалык жер семирткичтер өндүрүлүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт.
🚜 Долбоордо айыл чарба техникаларын жыйноочу заводдун курулушу да каралган.
👷♂️ Долбоор толук аяктагандан кийин завод жылына 500 миң тоннага чейин жер семирткичтерди өндүрүп, 1 миңден 2 миңге чейин жумушчу орундарын түзө алат.