🌏 Омск шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактык башчыларынын IV форуму өттү.
🤝 Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Нигерия, Кытай, Беларусь жана Өзбекстандан келген делегаттар, ошондой эле Орусиянын ар кайсы аймактарынын өкүлдөрү катышты.
📈 Форумдун негизги максаты – экономикалык, социалдык жана маданий тармактарда кызматташууну бекемдөө.
📝 Форумдун алкагында Кыргызстандын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча макулдашууларга кол коюлду.
🌱 Ошондой эле Омск агрардык илимий борбору менен айыл чарба тармагындагы кооперацияны өнүктүрүүгө багытталган келишим түзүлдү.
🔗 Форум бардык катышуучулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн аймактар ортосунда байланыштарды орнотуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.