2027-жылкы Британиянын мезгилдик жумуштарынын онлайн катталуу мөөнөтү 2026-жылдын 17-августу, саат 12:00 дө башталат жана 20-август саат 23:59да Бишке убактысы боюнча аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы чет өлкөгө жумушка орноштурууну жайылтуу борбору билдирди.
Катталуу процесси HOPS Labour Solutions Ltd компаниясы менен кызматташуунун алкагында жүргүзүлөт.
Катталуу үчүн талап кылынган негизги документтердин катарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу чет элдик паспорттору жана Gmail аккаунту талап кылынат. Электрондук почта дареги паспорттогу аты-жөнү менен дал келиши керек.
Катталуу онлайн түрүндө гана жүргүзүлүп, анын бүткөнү катышууга кепилдик бербейт. Катталгандан кийин тандоонун кийинки этабы үчүн сынакка чакыруу электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Катталган кандидаттар электрондук почталарын, анын ичинде 'Спам' папкасын үзгүлтүксүз текшерип туруусуна кеңеш берилет, анткени кийинки кадамдар жөнүндө маалымат ал жакка жөнөтүлүшү мүмкүн.
Регистрирлөөнүн жана кошумча маалыматтардын шилтемелери Кыргызстандын чет өлкөгө жумушка орноштурууну жайылтуу борборунун социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында жарыяланат: Instagramда @info.migrant.kg (Stories бөлүмү), Facebookта info.migrant.kg.







