Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине келип, кире беришти демонтаждоо иштерин башташты. Кеңсе ижарага алынган имаратта жайгашкан.
Мэрия демонтаждын мыйзамдуулугун тастыктаган расмий документтерди көрсөтө алган жок. Бирок, мэриядагы бир кызматкер жеке сүйлөшүүдө бул аракеттер 24.kg агенттигинин мэрияга карата пикир билдирүүлөрү жана сындары менен байланыштуу экенин билдирди.
Редакция мындай аракеттерди көз карандысыз медиага каршы басым катары кабыл алууда жана журналисттерге карата кесиптик мүнөздөгү куугунтук болушу мүмкүн деп эсептейт.
Кеңшенин бир бөлүмүндө бир нече кызматкер гана калган мезгилде мэрия өкүлдөрү демонтаж иштерин башташты.
Мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын орун басары Султанбек Сатарбеков белгилегендей, 21-майда турак жай ээлерине көчмө курулуштар боюнча документтерди талап кылган эскертүү жөнөтүлгөн, ал эми 24-июлда мыйзамсыз курулуш дебелген чечим берилген.
Бирок турак жай ээлери демонтаж иштеринин башталышы боюнча алдын-ала маалыматы жок экенин билдиришти. Мэрия демонтаждык иштердин 24.kg агенттигинин журналисттик ишмердиги менен байланышы жок экенин белгиледи.











