Бишкек шаарындагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин административдик имаратын капиталдык оңдоо иштерин текшерүүдөн кийин, бактарга бекитилген жыгач тактайлар жана коргоочу тосмолор алынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда жарыяланган видео кайрылууга байланыштуу курулуш объектисине ыкчам текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын К.Тыныстанов көчөсү, 215 дарегинде жайгашкан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин административдик имаратын капиталдык оңдоо учурунда «Премиум Строй Групп» ЖЧК курулуш компаниясы тарабынан эреже бузууларга жол берилгени аныкталган. Атап айтканда, коргоочу тосмолорду орнотууда жыгач тактайлар бак-дарактардын сөңгөгүнө түздөн-түз мык менен кагылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бактарга бекитилген жыгач тактайлар жана коргоочу тосмолор дароо демонтаждалган.
Мындан тышкары, курулуш компаниясына карата тиешелүү акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген. Ошондой эле, компанияга экологиялык жана курулуш коопсуздугунун талаптарын так сактоо менен курулуш иштерин улантуу зарылдыгы көрсөтүлгөн.




