Племендүү мал чарчасындагы ийгиликтердин натыйжасында өндүрүш динамикасы жаңы деңгээлге чыкты. 2026-жылдын тогуз айында өткөн жылга салыштырмалуу мал чарбасындагы продукциянын көлөмүндө төмөнкүдөй өсүш катталды:
Өндүрүштүн өсүшү
Мал чарбасын колдоо максатында 3% чен менен жеңилдетилген насыя берүү долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул долбоордун алкагында племендүү чарбалардын саны 2025-жылдагы 186дан 232ге чейин көбөйдү.
финансылоочу субъекттер180238 +32%
2026-жылы 30-октябрга карата 238 чарбага жалпысынан 1 млрд 125,8 млн сом каражат бөлүндү. Бул жерде каражаттардын өздөштүрүлүү деңгээли 91,3% түзөт. Проекттин натыйжалуулугун эске алуу менен, 2027-жылы мал чарбасына 7 млрд сом бөлүүнү пландаштырууда.
Ошондой эле, фермерлерге агроөнөр жай комплексин каржылоо программасы аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө. 2022-жылдан баштап 2026-жылдын 6-ноябрына чейин жалпысынан 11 783 фермерге каржылоо көрсөтүлгөн.









