Интернет булактарында Аламедин каналынын тегерегинде таштандылардын чогулуп калганы көрсөтүлгөн видеоролик тараган Bugan кийин, тиешелүү кызматтар текшерүү жүргүздү. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламедин району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору ошол аймакка чыгып текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аймак Чүй суу чарбалык башкармалыгынын балансында экени аныкталды. Жарандардын кайрылуусу жана интернеттеги маалыматтардын негизинде жооптуу тараптар тазалоо иштерин ишке ашырышты.

Министрлик боюнча маалыматка ылайык, тиешелүү тапшырманын негизинде тазалоо иштери толук аткарылып, топтолуп калган таштандылар толугу менен чыгарылды.