Нарын облусунун Кель-Суу жана Кок-Кыя участкаларында катуу жаандан кийинки таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Министрликтин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык бөлүмүнүн инспекторлору, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагында иштеген жергиликтүү тургундар катышты.

Бул иш-чаралар көлдүн жээгиндеги аймактардын санитардык абалын жакшыртуу жана табигый чөйрөнү таза кармоо максатында убактылуу эмес, мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.

Жергиликтүү тургундардын жана туристтик ишмерлердин активдүү катышуусу экологияны коргоого жана коомдун экологиялык маданиятын жогорулатууга салым кошууда.

Министрликтин маалымдашынча, алдыда социалдык тармактарда Кель-Суу көлү аймагында таштанды көп болуп калгандыгы тууралуу маалымат тараган. Анын себеби соңку үч күн бою үзгүлтүксүз жааган катуу жамгырлар болуп, көлдүн суунун деңгээли көтөрүлүп, таштандылар жээкке жана көлдүн акваториясына агызып кеткен.