Азия Кубогунун (U-17) тандоо раундунун алкагында өткөн оюн 0:0 эсеби менен аяктаган. Оюн аяктагандан кийин эки команданын оюнчулары бири-бири менен кол алышып, саламдашуу үчүн жакындаган учурда чыр-чатак жаралган. Бул көрүнүш видео түрүндө интернетте тараган.

Видео: @wnews.kg, 24.kg аркылуу

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын (ИИББ) расмий маалыматы боюнча, окуя масштабдуу кагылышууга айланган эмес. Төбөлөшүү кыска убакыттын ичинде басылып, эч ким жаракат алган эмес.

Окуя болгон жерде коомдук тартипти сактоо үчүн кызмат өтөөчүлөр болгон. Патрулдук-посттук кызматтын кызматкерлери кырдаалга тез арада кийлигишип, чыр-чатакты токтотушкан жана кырдаалды жөнгө салган.

Массалык төбөлөшүү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Футболчулардын ортосунда кыска мөөнөттүү чыр-чатак болду, натыйжада эч ким жаракат алган эмес.
Бишкек шаарынын ИИББсы

Укук коргоо органдары социалдык тармактардагы жана маалымат каражаттарындагы маалыматтарды текшерүүдө расмий булактарга гана ишенүүнү суранышат.