Бишкек — Ош трассасындагы «Арал» посту аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы толук көлөмдө калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Ведомство берген маалыматка ылайык, мурда колдонулган чектөөлөр бүгүн, 12-ноябрда, саат 09:00дөн тарта алынды. Жолдун тилкесиндеги учурдагы аба ырайы ачык деп мүнөздөлөт, бул оор жүк ташуучулардын өтүүсүн толугу менен калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди.