Бүгүнкү күндөн баштап саат 11:00дөн тарта Бишкек — Ош трассасында жайгашкан Тоо-Ашуу өткөөлүндө оор жүк ташуучу автоунаалардын толук кандуу кыймылы кайра башталып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Буга чейин оор жүк ташуучу машиналардын өтүүсү убактылуу чектөөлөргө алынган, ал эми «Сосновка» постунда жүк ташуучу транспорттун өтүүсү токтотулган болчу. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жагымсыз аба ырайынан улам келип чыккан тыгындардын алдын алуу максатында киргизилген.

Ведомство берген маалыматка ылайык, учурда бардык чектөөлөр алынып, жүк ташуучу автотранспорттун кыймылы толук көлөмдө калыбына келтирилди.