Талас облусундагы Кировка–Гребень–Плотина автожолунун Кызыл-Адырдан Чоң-Капкага чейинки узундугу 11 чакырымдык бөлүгү толук асфальтталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, бул асфальттоо аймакта жолдордун сапатын жакшыртып, жергиликтүү тургундардын кыймылын ыңгайлуу жана коопсуз кылат.
2026-жыл үчүн бекитилген титулдук тизмеге ылайык, Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунда жалпы узундугу 28 чакырым болгон жолдор асфальтталат.



