Талас шаарында 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган борбордук стадиондун курулуш иштери 75%га аяктады. Министр курулуш иштери менен таанышып, долбоордун эл аралык стандарттарга жооп беришин талап кылды.
Стадиондо батыш жана чыгыш трибуналары, оюнчулар үчүн шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган. Кошумча түрдө футболчулардын жатаканасы, ашканасы жана администрациялык жайлардын курулушу жүрүүдө.
Азыркы учурда курулушта 300дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө. Министр Орунтаев сапатты көзөмөлдөп, жумушчулардын санын көбөйтүү тапшырмасын берди. Негизги максат — курулуштун Элдик көз карандысыздык күнүнө чейин башкарыла тургандыгы.















