Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын жана эсептерин үчүнчү жактардын колуна өткөрүп берүү коркунучу жөнүндө эскертет. Ушундай аракеттер адамдарды мыйзамсыз акча каражаттарынын айлануусу менен байланышкан кылмыш схемаларына тартып кетирүүгө алып келиши мүмкүн.
Ведомствонун кызматкеринин маалыматы боюнча, өз банк карталарын же эсептерин башка адамдардын операцияларын жүргүзүү үчүн берген адамдар «дроппер» деп аталып, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Ошондой эле, Ички иштер министрлиги жарандарды өз банк карталарын жана эсептерине кирүү үчүн кооптуу маалыматтарды берилбешине, ошондой эле күмөн каржылык сунуштардан баш тартууга чакырат.











