Баткен районунун Ак-Татыр айылында сел агымынын жээктерин чыңдоо боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-кызматынын билдирүүсүнө караганда, долбоор аймакты сел коркунучунан коргоо үчүн жалпы узундугу 2 542 метр болгон тирөөч дубалдарды курууну караштырат.
Долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн облустагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орундусу Бактыбек Токсонбаев текшерди. Иштерди КР ӨК алдындагы «Баткен жылдырма механикалаш отряды» мамлекеттик ишканасы аткарууда.
Иштердин параметрлери
Учурда курулушчулар коргоо конструкциясынын 350 метрин курууга жетишти. Графикке ылайык, иштердин бардык көлөмүн 25-декабрга чейин бүтүрүү пландалууда.

















