Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жалпы узундугу 250 метр болгон коргоочу шпордун курулушу жүрүп жатат. Иштердин максаты дарыянын нугуна жөнгө салуу жана сел коркунучун алдын алуу болуп саналат.

Жалал-Абад облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин узундугу 210 метр болгон коргоочу шпордун курулуш этабы аяктады. Калган участкадагы иштер улантылууда.

Курулуштан күтүлүүчү натыйжа

Бул иш-чаралардын натыйжасында бир катар инфраструктуралык объектилерди жана турак жайларды суу каптоо жана жээктердин жуулуу коркунучунан коргоо пландаштырылган.

200турак үй
2,5километр автомобиль жолу
1аэропорт
  • айыл чарба жерлери