Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Арчалуу сел өткөрүүчү каналынын курулуш иштери, ошондой эле Кашат айылында турак үйлөрдүн жанындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Темир айылындагы Арчалуу сел өткөрүүчү каналы

Темир айылындагы Арчалуу сел өткөрүүчү каналынын жалпы узундугу 2040 метрди түзөт. Анын нугуна 11 ички көпүрө курулат. Курулуш аяктагандан кийин айылдагы 200дөн ашык турак үй, чарба ичиндеги жолдор, ошондой эле БишкекКаракол унаа жолунун 600 метрлик тилкеси селден корголот.

Кашат айылында дарыя жээктерин бекемдөө

Ысык-Көл районунун Кашат айылында турак үйлөрдүн жанынан аккан Чоң-Ак-Суу дарыясынын 1000 метрлик нугунун оң жана сол жээктерин таштар менен бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада, дарыянын боюндагы турак үйлөр, 5 гектар айыл чарба жерлери, конок үйлөр, 2 ишкана, көп жылдык мөмөлүү бактар, ошондой эле Бишкек — Каракол автожолунун 200 метрлик тилкеси сел ташкындарынан корголот.