Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Рухий-Мурас» жашоо аймагындагы жер тилкесинин укугун 2006-жылдан бери каттай албай жаткан тургун менен жолугушту.

Мэриянын билдирүүсүндө, 2006-жылы бул жер тилкеси ошол жаранга бөлүнүп берилген постановление кабыл алынганы айтылса да, ал жердин укугун мыйзамдуу түрдө каттоо жүргүзүлбөй келет.

Жакын үйлөрдүн тургундары да кырдаалды тастыкташкан. Аймактагы жер тилкесин беш ирет кайра сатылганы белгиленүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр профильдүү органдарга документтерди кылдат изилдеп, мыйзам чегинде маселени чечүү жолдорун карап чыгуу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарына мыйзам чегинде жардам көрсөтүү тапшырылган.